Жылытуу мезгили жыйынтыкталса, электр кубаттуулугун жогорулатуу маселеси каралат. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу “Кабар” агентигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди.
Ал белгилегендей, кардарлардан электр кубаттуулугу жогорулатылабы деген суроолор келүүдө.
Жылытуу мезгили марттын аягы менен ийгиликтүү өтсө, апрель айында анализдерге карап, электр кубаттуулугу боюнча чечим чыгарылат.
“Акылдуу эсептегичтерди орноткондо программанын өзүнө уруксат берилген кубаттуулук боюнча белгилүү сааттарда электр энергиясынын пайдалануу тартиби киргизилген. Мында система кечки саат 18:00дөн 21:00гө чейин, эртең менен саат 7ден 9га чейин талаптарды так аткарууда. Бул убактарда электр энергиясынын жүктөмү көзөмөлдөнүп турат. Кардарлардын бардыгы кыштан чыктык, электр кубаттуулугу жогорулатылабы деп сурап жатышат. Жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүп жатабыз. Эч бир жерде сааттап электр энергиясын бербей калуу деген учурлар катталган жок. Чоң авариялык өчүрүүлөр кышында катталган жок, кыска мөөнөткө гана авариялык өчүрүүлөр болду. Эми апрель айына чейин дагы 20 күндөй убакыт бар. Жылытуу мезгилин бүтүрүп алышыбыз керек. Андан соң апрель айында биз дагы анализдерибизди карап, тактап бир чечим чыгарабыз. Кардарларга убагында маалымат беребиз”, — деди ал.