Ат-Башыда тоо текелерди аткан аңчы кармалды

Ат-Башы районунда мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Босого жайлоосунда Ат-Башы айылынын тургуну Б.Ш. аттуу жаран тарабынан 2 тоо кийигинин (тоо теке) эттери мыйзамсыз олжологон факты аныкталды.

Жыйынтыгында жаран Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Учурда окуя боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, мыйзам чегинде баа берүү иштери улантылууда.

1 Декабрь 2025 жыл 12:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча