19-сентябрь, 2025-жылы саат 20:20 чамасында «102» кызматына 212-маршруттук автобуста азиялык көрүнүштөгү белгисиз аял 30 жаштагы жүргүнчүнү сабап салганы тууралуу билдирүү түшкөн. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Милицияга арыз менен жабырлануучунун т. Э. агасы кайрылган.мындан тышкары социалдык тармактарда бул окуянын видеосу тараган.
Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2005-жылы туулган М.с. аттуу жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген.
Белгилей кетсек,жаран М.с., жаш баласы бар жана кош бойлуулуктун экинчи айында болгон.
Учурда тергөө иштери улантылып, керектүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.