Бекешев Мамдуманын депутаты Матвеевди жана анын үй-бүлөсүнө өлкөгө кирүүгө тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Михаил Матвеевди Кыргызстанда персона нон-грата деп жарыялап, ага жана анын үй-бүлөсүнө өлкөгө кирүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү Телеграмдагы каналына билдирүү калтырып, Михаил Матвеев Кыргызстан боюнча өтө орой комментарий бергенин айтты.

“Биздин УКМК Орусиянын армиясынын катарында согушууга адамдарды азгырган аялды жана аны менен кошо бир нече кишини кармагандан кийин ушундай билдирүү кылды. Мен УКМК тараптамын. Негизи жагымсыз адамдар тууралуу мыйзам иштеп чыгышыбыз керек. Мындай мыйзам дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар. Ушундай билдирүүлөрү үчүн алардын Кыргызстанга киришине, өлкөдө кандайдыр бир ишкердик менен алектенүүгө тыюу салышыбыз керек”, — деди ал.

Дастан Бекешев Мамлекеттик думанын депутатынын сөзүнө байланыштуу Орусиянын Кыргызстандагы элчисин чакырып, нота тапшыруу зарыл экенин кошумчалады.

RTVI басылмасы “Россотрудничество” уюмунун Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери, “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган Наталья Секерина тууралуу макала чыгарган. Анда Мамлекеттик думанын депутаты, Аймактык саясат жана өз алдынча башкаруу комитетинин башчысы Михаил Матвеев Кыргызстанды “уюм” деп атаган.

“Менин оюмча, Кыргызстанга акча которууларды чектеп коюш керек. Мисалы, орусиялык банктардан акча которуу оңой. Ашынып кеткен кичинекей уюмду ордуна коюп коюуга улуу державанын миллион жолу бар”, — деген ал.

25 Апрель 2025 жыл 14:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча