
Социалдык тармактарда Бишкек—Ош жолунда оор жүк ташуучу унаа күйүп кеткен видео тарады.
Маалыматка караганда, кырсык 7-майга караган күнү таңга маал болгон. Окуянын күбөлөрү айдоочу аман-эсен экенин билдиришти. Ал эми милиция бул кырсык боюнча азырынча маалымат бере элек.