Бишкекте күн жылыйт

Жакынкы күндөрү Бишкекте абанын температурасы жогорулайт.

Метеорологиялык божомолдорго ылайык, 30-январда күндүз температура +1…+3 градус, түнкүсүн −4…−6 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.

31-январда жана 1-февралда күндүз аба +8…+12 градуска чейин жылыса, түнкүсүн −3төн 0 градуска чейин болот. Жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот.

2-февралдан 5-февралга чейинки аралыкта күндүзгү температура +8…+12 градус, түнкүсүн −1ден +2 градуска чейин сакталат.

6-февралда күн бүркөлүшү күтүлөт. Күндүз температура +5…+7 градус, түнкүсүн 0…+2 градус тегерегинде болот.

30 Январь 2026 жыл 16:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча