
Быйыл үч айда Орусияда каза болгон 18 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилди.
Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин үч айдагы ишмердиги тууралуу маалыматта айтылат.
Ага ылайык, Орусиянын ар кайсы аймагындагы №13 түзөтүү мекемесинде кармалып турган 77 кыргызстандыкка жардам көрсөтүлгөн. Мындан тышкары элчиликтин жана консулдуктун кызматкерлери кыргызстандык жарандар катышкан кылмыш иштери боюнча 17 соттук процесске катышкан.
“Кыргызстандын алты жаранынын кылмыш жоопкерчилигин жеңилдетүүгө жана жоопкерчиликтен толук бошотууга көмөк көрсөтүлдү. Алты жарандын 624 миң рублдик маянасы өндүрүлүп берилди».
Мындан тышкары жалпы 45 миң 31 консулдук кызмат көрсөтүлгөнү, диаспоралар жана башка коомдук уюмдар менен 28 иш-чара уюштурулганы айтылат.