Чүйдө дарыяга түшүп кеткен 15 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Бүгүн, 6-июнь күнү саат 06:30 чамасында Кара-Балта дарыясынан изделип жактан кыздын жансыз денеси туугандары тарабынан суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 5-июнь күнү, саат 18:38 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек — Ош унаа жолунун болжол менен 97-чакырымында аыгп өткөн Кара-Балта дарыясына 2008-жылы туулган А.Э. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

5-июнь күнү жерине Жайыл райондук №22 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, бирок издөө иштеринен жыйынтык болгон эмес.

6 Июнь 2023 жыл 9:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча