
Чүй облусунда 15-майга карата 1820 гектар аянтта текшерүү жүргүзүлүп, анын басымдуу бөлүгүн (1236 гектар) чегиртке каптаганы белгилүү болду жана анын 480 гектарына дары себилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги кабарлады. Аталган мекеме Чүйдөгү башка райондордо дагы мониторинг башталганын маалымдады.
«13-майда Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн тургундары чегирткелер көбөйгөнү тууралуу билдирүү беришкен. Анын негизинде 14-майда адистер жеринен кырдаалды баалап, дароо химиялык дарылоо башталды. Учурда башка райондорунда да мониторинг жүргүзүлүп, зыянкечтердин очогун аныктоо аракеттери болуп жатат. Бардык иш-чаралар белгиленген жадыбалга ылайык жергиликтүү бийлик менен бирге жасалууда»,-деп жазылган маалыматта.
Өткөн айда Кыргызстанда 4100 гектар жерде чегиртке бар экени аныкталган. Зыянкечтер каптаган аянттын 700 гектары Базар-Коргон, 2200 гектары Ноокен, 750 гектары Сузак районунда. Ош облусунун Араван районунда 450 гектар жерден чегиртке табылган.