“Чыңгыз Айтматов” көркөм тасмасынын расмий тизери жарыяланды (Видео)

Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылык жолуна арналган көркөм фильмдин үстүнөн иш башталды. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Тасманы жараткан тараптардын маалыматына караганда, бул — жазуучунун биографиялык материалдарынын негизинде тартылган алгачкы толук метраждуу көркөм фильм болот. Экранизациялоо укугу мыйзам чегинде расмий түрдө алынган. Фильмдин алгачкы тизери даярдалып, анын премьерасы кийинчерээк коомчулукка сунушталары маалымдалды. Көрөрмандарды негизги ролду ким аткарары кызыктырып, бул маалымат азырынча сыр бойдон калууда.

Тасма биографиялык драма жанрында тартылып, Айтматовдун өмүр жолунун маанилүү этаптарын жана дүйнөлүк маданиятка кошкон салымын чагылдырат.

Министерлик жазуучунун мурасын даңазалоого жана улуттук киноматографияны өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди кубаттап, бул долбоор толугу менен жеке тараптардын инициативасы экенин баса белгилейт.

Фильмдин премьерасы 2026-жылы күтүлүүдө.

5 Декабрь 2025 жыл 11:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча