Дүйнө чемпионаты −2026: Португалия курамасы 1/8 финалына чыкты

Португалия курама командасы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/16 финалындагы беттеште Хорватия курамасын жеңди.

Оюн Торонтодогу «Би-Эм-О Филд» стадионунда өтүп, 2:1 эсебинде аяктады. Беттештин 53-мүнөтүндө хорватиялык оюнчу Иван Перишич эсеп ачты. Ундан 15 мүнөт өткөндөн кийин Криштиану Роналду пенальтини таамай аткарып, эсепти теңеди. Ал эми 94-мүнөттө Гонсалу Рамуш Португалияга жеңиш алып келген голду киргизди.

Португалия курамасы 1/8 финалга жолдомо алды. Ал жерде буга чейин Австрияны 3:0 эсебинде талкалаган Испания командасы менен кездешет. Буга чейинки эки мундиалда күмүш жана коло медалдарды уткан Хорватия курамасы бул турнирдеги катышуусун аяктады.

Футбол боюнча 2026-жылкы дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтүүдө.

3 Июль 2026 жыл 9:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча