Балбан Адилет Акылбеков дүйнө чемпионатында (U-20) күмүш медаль алды
Адилет Акылбеков дүйнө чемпионатында (U-20) күмүш медаль утту.
Адилет Акылбеков Болгариянын Самоков шаарында өтүп жаткан U-20 жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча 74 кг салмактык категорияда күч сынашкан.