Эдил Байсалов үч жашка чейинки балдардын баарына жөлөк пул берүүнү сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов үч жашка чейинки балдардын баарына жөлөк пул берүүнү кайра киргизүүнү сунуштады. 

Ал 11-июлда өкмөттө жакырчылыкты азайтууга арналган жыйында колу жука үй-бүлөлөрдүн балдарынын 21% гана, тактап айтканда 54 миң үй-бүлөдөгү 194,8 миң эле бала жөлөк пул аларын “улуттук жаңжал” деп атады. Анын ырасташынча, өлкөдө бир миллиондой, башкача айтканда, ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт.

Мындан улам ал өкмөттү жана депутаттарды үч жашка чейинки ар бир балага жөлөк пул берүүнү киргизүү маселесин карап көрүүгө чакырды.

Былтыр президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамга бийик тоолуу жана алыскы аймактарда, өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган үй-бүлөлөргө мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү боюнча өзгөртүү киргизүүгө кол койгон. Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Ал үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан, үчүнчү жана ар бир кийинки бала төрөлгөндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин ай сайын берилүүчү «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» жөлөкпулу деп аталат.

12 Июль 2025 жыл 11:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча