Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана жаратылышты коргоо кызматтарына жаңы унааларды тапшырды.
Салтанаттуу иш-чаранын алкагында экологиялык кызматтарга JAC маркасындагы 15 унаа өткөрүлүп берилди.
Унаалар төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлдү:
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына — 7;
Бишкек шаарына — 1;
Чүй облусуна -1;
Нарын облусуна — 1;
Талас облусуна — 1;
Ош облусуна — 1;
Ысык-Көл облусуна — 1;
Жалал-Абад облусуна — 1;
«Сарычат-Ээрташ» мамлекеттик жаратылыш коругуна — 1.