Эртең, 23-декабрга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн −5…-10 күндүз −3…+2
Таласта түнкүсүн −6…-11 күндүз −1…+4
Баткенде түнкүсүн 0…-5 күндүз 0…+5
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5 күндүз 0…+5
Ысык-Көлдө түнкүсүн −1…-6 күндүз −1…+4
Нарында түнкүсүн −8…-13 күндүз +1…-6
Бишкекте түнкүсүн −6…-8°, күндүз 0…+2° болот.