Кашмирде куралчан адамдар туристтерге ок чыгарып, 26 адам каза болду

22-апрелде Индиянын Кашмир аймагында куралчан адамдар топтолгон элге ок чыгарып, 26 адам каза болду. Полициянын маалыматына караганда 17 адам жаракат алды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары каза болгон эки адам жергиликтүү тургун болгонун, дагы эки адам Непал жана Бириккен Араб Эмирлигинин жарандары экенин, калгандары Индиянын ар тарабынан келген туристтер экенин жазды.

Ок атышуу болгон Пахалгам туристтер көп барган жерлердин бири. Ал Индия менен Пакистандын талаштуу аймагында жайгашып, Индия тараптан көзөмөлдөнөт. Калктын басымдуу бөлүгү мусулман.

23 Апрель 2025 жыл 22:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча