Казакстандан келе жаткан 8,5 тонна коон артка кайтарылды. Себеби

Казакстан Республикасынан келген 8,5 тонна коон Кыргызстан аймагына киргизилбей, кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинен билдиришти.

«Чалдыбар» фитосанитардык көзөмөл постунда жүктү текшерүү учурунда жүктү жөнөтүүчү жана кабыл алуучу тууралуу маалыматтардын дал келбестиги аныкталган.

Бул мыйзам бузуу Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жана Кыргыз Республикасынын фитосанитардык талаптарын сактабоо болуп саналат.

Буга байланыштуу жүктү Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө тыюу салынып, жүк белгиленген тартипте Казакстан Республикасына кайтарылган.

Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көзөмөл иш-чараларын туруктуу негизде жүргүзүп келет.

24 Июнь 2026 жыл 13:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча