Бишкекте психотроптук заттарды таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, иш кайдыгер эмес жарандардан түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде жүргүзүлгөн. Текшерүүдө 22 жаштагы жигит кармалып, жанынан 3 грамм гашиш табылып алынган.
«Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүгө баңгизаттарды жашыруу үчүн кир жуугуч машина түрүндөгү жүк жөнөтүлгөнү аныкталган. Аны текшергенде ичинен бир килограммдан ашык психотроптук заттар табылган. Бул болжол менен 7 миң дозага барабар», — деп айтылат билдирүүдө.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, кармалган жаран интернет аркылуу Бишкек жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттарды жашыруу ыкмасы аркылуу таратып келген.
Алдын ала эсептөөлөргө караганда, ал заттар мыйзамсыз жүгүртүүгө чыккан учурда 4,5 миллион сомдон ашык киреше түшмөк.
Учурда бул иш боюнча баңгизаттарды жеткирүү жана таратуу каналдарына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.