”Колуңан келбесе салба да”. Министр Нарындагы сапатсыз жолдун салынышын көрүп, тиешелүү жетекчилерге эскертүү берди ( Видео)

 24-август күнү Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ж. Шералиев көчөсүндө жүрүп жаткан иштерди текшерип барды.

Ведомство жетекчиси жеринде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Бета Групп» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, бардык кемчиликтерди кыска убакыттын ичинде толук жоюу тапшырмасын койду.

Мындан тышкары, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Шералиев көчөсүндөгү курулуш иштеринин сапатына байланыштуу аталган компанияга акыркы эскертүү берип, көзөмөл бардык тараптан күчөтүлө турганын белгиледи.

25 Август 2025 жыл 10:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча