Кульцентр–Кичи-Алай жолунда сел жүрүп, каттам убактылуу токтоду 

Бүгүн, 19-май күнү таңкы саат 05:00дор чамасында катуу жааган жамгырдан улам Кульцентр–Кичи-Алай жолунун 14-чакырымында сел жүрүп, каттам убактылуу жабылды. Бул тууралуу  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда чурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №21 Жол тейлөө ишканасы тарабынан сел түшкөн тилкени тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. 

Кошумча маалыматтар берилет.

19 Май 2025 жыл 10:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча