Кыргызстанда президенттик шайлоо мындан ары январь айында өтөт. Жапаров кол койду

Кыргызстанда мындан ары президенттик шайлоо иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктары аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт. Шайлоону ага төрт ай калганда Жогорку Кеңеш дайындайт. Мамлекет башчы сунуштаган мыйзам долбоорун парламент 16-апрелде кабыл алып, Садыр Жапаров ага 28-апрелде кол койду.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча президенттик шайлоо октябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өтмөк. Мындан ары шайлоо эми январь айынын төртүнчү жекшембисинде болот.

2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт. Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген.

Президенттик шайлоо өткөн учурда мурдагы Конституция иштеп турган. Ал Баш мыйзамда “президент алты жылга бир эле мөөнөткө шайлана алат” деп жазылган.

29 Апрель 2025 жыл 11:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча