Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу: 18 туннель жана 17 көпүрөнүн курулушу башталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Төш-Кутчу жерлигиндеги Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун тилкесиндеги туннелдин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Министрлер кабинетинин башчысына жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери тууралуу маалымат берилди. “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу Торугарт – Арпа – Кош-Дөбө – Макмал – Жалал-Абад (304,94 км) багыты боюнча өтөт. Торугарт – Макмал (160 км) тилкесинде 1435 мм темир жол изи, ал эми Макмал – Жалал-Абад (145 км) бөлүгүндө 1520 мм темир жол изи колдонулат. Макмал районунда жүктөө станциясын жана логистикалык борборду түзүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Курулуш иштерине 5695 техника жана 5 миңден ашык адам тартылган. Жалпысынан пландаштырылган 29 туннелдин 18инин, 50 көпүрөнүн 17синин, 602 суу өткөргүчтүн 28инин курулушу башталды.

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев стратегиялык инфраструктуралык долбоорду сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

5 Декабрь 2025 жыл 17:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча