Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаар ичиндеги жол куруу, ремонт жана инфраструктуралык иштерди аткарып жаткан подряддык уюмдардын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Жолугушууда аткарылып жаткан иштердин сапаты, мөөнөтү жана коопсуздук талаптары тууралуу маселе көтөрүлдү.
“Жумуш — эл үчүн. Сапат биринчи орунда болушу шарт. Шаарды баладай асырап, эриш-аркак иштешибиз керек”, — деди мэр.