Министр дыйкандарды сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев дыйкан-фермерлерди сууну коромжу кылбай, үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

Министр бул билдирүүсүн күн кескин ысыганына байланыштырды.

Ал үчүн сугат иштерин таңкы же кечки салкында жүргүзгөн бир кыйла натыйжалуу экенин белгилеген.

«Сугат учурунда жерди сугарып бүтүп калтырып койбостон, мурабга дароо билдирип, кийинки кезекте турганга өткөрүп берүү абзел. Ар бир өсүмдүккө керек болгон көлөмдө гана ченем менен суу бериңиздер. Артыкча сугаруу өсүмдүккө да, топуракка да зыян алып келиши мүмкүн», — деди Төрөбаев.

Төрөбаев суу каналдарынан, арыктардан агып жаткан ашыкча же текке кеткен сууларды бекемдеп, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмаларын колдонуу керектигин белгилеген.

Кыргызстанда быйыл сугат суу акысы кымбаттап, эки тариф менен эсептеле баштаган. Ага ылайык, шарты катаал райондун тургундары бир гектарга 250, калган райондордуку 500 сом төлөй турганы маалым болгон.

Министрлик суунун акысы максаттуу түрдө элдин муктаждыктарын чечүүгө, каналдарды оңдоп, жаңысын курууга, модернизация кылууга жумшаларын билдирген.

10 Май 2025 жыл 15:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча