Москвадагы мончодогу окуя. Үч адамга иш козголду

Орусияда кыргызстандыктар кармалган «Бодрость» мончо комплексинин башкаруучусуна жана эки адамга мыйзамсыз миграция уюштуруу беренеси менен иши козголгонун Орусиянын ИИМнин расмий өкүлү Ирина Волк өзүнүн Телеграм-каналы аркылуу билдирди. 

Маалыматта Москванын Тимирязев районундагы мончодо буга чейин орус полициясы мыйзамсыз миграцияга каршы иш-чара өткөргөнү айтылган. Рейддин жыйынтыгы менен полиция бөлүмүнө 60 мигрант жеткирилип, алардын 25ин Орусиядан чыгаруу маселеси каралып жатканы айтылган.

«Мыйзамга жат иш шаардын полициясы жана ФСБнын жана Улуттук Гвардиянын бөлүмдөрү менен биргеликте табылды. Үч шектүү Москванын Тимириязев районундагы четтен келген такси айдоочуларга кызмат көргөзгөн уюмдун ишине колдоо көрсөткөн. Рейд учурунда полиция өндүрүштүн ичинде тиешелүү документи жок иштеген жана жашаган чет элдиктерди кармап, алар өлкөдө жүрүү эрежесин бузганы аныкталды. Полиция мигранттарга карата Орусия Федерациясынын Административдик мыйзам бузуу кодексинин 18.8-беренеси менен акт түзгөн. Ага ылайык айып пул салуу жана өлкөдөн чыгаруу каралган. Орусиянын Кылмыш кодексинин 322.1-беренеси менен эки адам камакка, мончону иштеткен аял үй камагына алынды», — деп жазылган маалыматта.

20 Апрель 2025 жыл 20:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча