Непалдагы башаламандыктарда 72 адам каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн жергиликтүү бийлиги кабарлаганын жазды.
Анда белгиленгендей, окуяларда дагы жаракат алган 191 жабырлануучуга учурда ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Өз кезегинде өлкөнүн убактылуу өкмөтүнүн премьер-министри Сушила Карки нааразылык акцияларында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам катары 1 млн непал рупийи (7 миң доллар) бөлүү чечимине кол койду.
Маалыматтарга караганда, Непал бийлиги белгиленген мөөнөткө Байланыш жана маалымат технологиялары министрлигинен каттоодон өтпөгөн бир нече ири социалдык тармактардын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Мындан улам өлкөдө жаштардын массалык нааразылык акциялары башталган.
Непалдын өкмөтү социалдык тармактарга киргизилген тыюуну алып салууну чечкен, бирок нааразычылыктар басаңдаган эмес. Демонстранттар өлкөнүн премьер-министри Шарма Олинин кызматтан кетишин талап кылышып, анын жеке резиденциясын жана парламенттин имаратын өрттөшкөн.
Непалдын премьер-министри кызматтан кетип, өкмөт өкүлдөрү резиденцияларынан тик учак менен эвакуацияланган. Непалдын аскерлери Катмандуну жана башка шаарларды көзөмөлгө ала алды. Башаламандык башталгандан дээрлик бир