Ошто 18 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

Ошто адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-апрель күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Отуз-Адыр айыл аймагынын 2007-жылы туулган тургуну (кыз киши) белгисиз адам тарабынан денесинен оор жаракат алып, каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 2007 жана Жалал-Абад облусунун 2009-жылы туулган тургундары кармалган. Алар соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

29 Апрель 2025 жыл 9:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча