Президент Садыр Жапаров акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16% азайганын, 2100-жылга чейин алардын жарымы жок болуп кетиши мүмкүн экенин билдирди.
Бул тууралуу ал 4-апрелде Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн “Борбор Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү” эл аралык форумунда айтты.
Мамлекет башчысы Кыргызстанда өткөн жылы инфраструктурага олуттуу зыян келтирген, адамдардын өлүмүнө жана жер которууга алып келген жер көчкүлөрдүн саны кескин көбөйгөнүн кошумчалады.
“Мындан тышкары, биз мөңгүлөрдүн интенсивдүү эришин жана алардын мөңгү аянтынын азайышын, суунун аздыгын, кургакчылык жана чөлгө айланууну байкап жатабыз. Жыл сайын алардын саны жана масштабы өсүп жатат”, — деди президент.