Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, “Эркечтам” көзөмөл өткөрмө жыйында оор жана ири габариттүү жүк ташуучу унаалар үчүн жолдо жүрүүгө атайын уруксат тастыктамаларын берүү иши жергиликтүү деңгээлде жана ыкчам түрдө жүзөгө ашырылууда.
Бул демилге өлкө башчысынын санариптештирүү боюнча тапшырмаларынын алкагында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан ишке ашууда.
Максат – жүк ташуучу айдоочуларга шарт түзүү, убакыт үнөмдөө жана жолдогу коопсуздукту жогорулатуу.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын подполковниги Айбек Джумагулов жана башкы башкармалыктын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Тынычбек Саидов түштүк жергесине болгон иш сапарынын алкагында чек ара өткөрмө жайына барышып, кызматкерлердин даярдыгын текшеришти жана айдоочулар менен пикир алышышты. Ошондой эле оор жана ири габариттүү жүктөрдү ташыган унаалардын айдоочулары менен жеринен жолугуп, алардын суроо-талаптарын угуу менен жол кыймылынын эрежелерин эскертишти.
Азыркы учурда көзөмөл пунктунда иш алып барган кызматкерлер күнү-түнү атайын уруксат кагаздарын берүү жана макулдашуу багытында иш алып барышууда.