Түркияда кармалган Кыргызстандык мугалим. ТИМ маалымат берди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) “Маариф” (мурдагы “Сапат”) фондунун Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияда кармалганын ырастады.

Мекеме Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу Түркиянын компетенттүү органдары менен кыргыз жаранына жардам көрсөтүү боюнча иш алып барып, кармоонун жагдайларын жана себептерин тактап жатканын билдирди.

“Бул маселе министрликтин жана Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө. Кыргызстандын кармалган жаранынын жакын туугандары менен үзгүлтүксүз байланыш болуп турат”, — деп айтылат маалыматта.

Азамат Нурмат уулунун жакындары “Азаттыкка” берген маалыматка ылайык, ал 20-апрелде Бишкектеги Zeen education борбору аркылуу Түркиянын Анталия шаарына алты окуучусун математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадага алып баратканда, аны Стамбул аэропортунан чек ара кызматкерлери кармап калган. 32 жаштагы Азамат Нурмат уулу ошондон бери дайынсыз болуп жатат. Ал эми окуучулар олимпиадага агайы жок эле катышууда.

24 Апрель 2025 жыл 13:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча