Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркияга олимпиадага катышуу максатында кеткен окуучулар Кыргызстанга келгенин маалымдады. Министрликтин маалыматына караганда, Анталия шаарында өткөн математика боюнча эл аралык олимпиадага катышкан 26 окуучу аларды коштоп барган эки мугалим жана ата-энелер келишкен.
ТИМ тараткан маалыматта окуучуларды коштоп барган “Маариф” (мурдагы “Сапат”) фондунун мугалими Азамат Нурмат уулуна укуктук жардам көрсөтүү иштери уланып жатканы айтылат.
«Стамбул шаарындагы Башкы консулдук иш алып барууда. Кыргызстандын жараны менен адвокат жолукту», — деп айтылат маалыматта.
Азамат Нурмат уулунун жакындары “Азаттыкка” берген маалыматка ылайык, ал 20-апрелде Бишкектеги Zeen education борбору аркылуу Түркиянын Анталия шаарына алты окуучусун математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадага алып баратканда, аны Стамбул аэропортунан чек ара кызматкерлери кармап калган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мугалимдин кармалышына байланыштуу 24-апрелде Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулуна вербалдык нота тапшырган.