Талас шаарынын борбордук аянты салтанаттуу түрдө ачылып, жаңы жылдык балаты жандырылды (Видео)

18-декабрь күнү Талас шаарында борбордук аянттын салтанаттуу ачылышы болуп, жаңы жылдык балаты расмий түрдө жандырылды. Бул тууралуу облустук администрациядан билдирди.

Борбордук аянт толук кандуу оңдоп-түзөөдөн өтүп, заманбап жарыктандыруу тутуму орнотулгандан кийин шаар тургундарынын жана конокторунун эс алуусу үчүн кеңири шарт түзүлдү. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков катышып, элди кирип келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттукташты. Ошондой эле борбордук аянтты расмий түрдө ачып, шаардыктардын кубанычын бөлүшүштү. Облус башчысы Эрмат Джумаев өз сөзүндө Талас облусунун тургундарына аманчылык, токчулук каалап, аймактын мындан ары да өнүгүүсүнө тилектеш экенин билдирди. Мындан сырткары, 2026-жылы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда расмий түрдө белгилене турганын эске салып, Талас облусу туруктуу өнүгүү жолунда бара жатканын баса белгиледи. Эске сала кетсек, быйыл Талас шаарынын борбордук аянты толук кандуу реконструкциядан өтүп, жаңы асфальт төшөлүп, тротуарлар, веложолдор курулуп, заманбап жарыктандыруу системасы орнотулду. Бул иштер шаардын көркүн арттырып, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түздү.

19 Декабрь 2025 жыл 14:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча