
Кытайдын Тибет автономдуу районунда күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Известия Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун (EMSC) маалыматына таянып кабарлады.
Зилзала Шигадзе шаарынан түштүк-батышынан 124 чакырым алыстыкта катталган. Очогу 10 чакырым тереңдикте жайгашканы айтылды. Азырынча кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
11-майда Тынч океандын жээгиндеги 1,9 миллиондон ашык киши жашаган Гуаякиль шаарынын түштүк-чыгышынан 43 чакырым алыстыкта да 5,9 баллдык жердин силкинүүсү болду. Анын очогу 60 чакырым тереңдикте жайгашканы белгиленди.