Тилекмат Куренов Дубайдан кармалып, Кыргызстанга алып келинди (видео)

Конституциялык түзүлүшкө каршы аракеттерге шектелген Тилекмат Куренов Дубайдан кармалып, Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-апрелде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (ГКНБ) тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Тилекмат Куренов Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, өлкөгө алып келинди.

Маалым болгондой, Тилекмат Куренов республикадан сыртта жүргөн мезгилде өзүнүн шериктери менен бирге социалдык тармактардагы ондогон жалган аккаунттар аркылуу коомчулукту козуткан билдирүүлөрдү жана массалык башаламандык уюштурууга, бийликти күч менен басып алууга чакырган видео кайрылууларды байма-бай жарыялап келген.

Учурда Куреновдун Кыргызстандын аймагындагы жана чет өлкөлөрдөгү шериктерин аныктоо жана кармоо багытында тиешелүү ыкчам-тергөө иштери улантылууда.

19 Апрель 2025 жыл 21:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча