
Бейшембиде АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен жеке өзү жолукмайынча Украина боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш болбой турганын айтты. Трамп бул тууралуу Абу-Дабиге баратканда Air Force One учагынын ичинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
«Путин экөөбүз жолукмайынча эч кандай өзгөрүү болбойт», — деди Трамп.
Мунун алдында АКШ президенти Дональд Трамп Стамбулдагы Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүндө жылыш боло турган болсо, Түркияга барышы мүмкүндүгүн билдирген. АКШ лидери бул тууралуу Катарда өтүп жаткан жолугушууда айткан.
Ушул эле күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский Анкарага учуп келди. Зеленский Түркияда туруп, «Путин, мен келдим, бул жактамын» деген кайрылуу жолдогон.