Япониядагы көргөзмөдө кыргыз балы уурдалган окуя эсиңиздеби?Абышкага бал белек кылышты

Кыргыз балын уурдоого шектелген япониялык абышкага эң жакшы, кымбат делген бал белекке берилгенин Centralasia басылмасы жазды.

Осако шаарынын 83 жаштагы тургуну 16-апрелде «Экспо-2025» жарманкесинде уурулукка шектелипк аомалган.  Эртеси полиция улгайган адамды кечирим суратуу үчүн Кыргызстандын павильонуна алып келген.

Жарманкеде иштеген кыргызстандыктар доосу жок экенин айтып, полициядан ал кишини кое берүүсүн суранышкан. Мындан тышкары, абышкага ардактуу конокторго бериле турган эң жакшы, кымбат балдан белек кылышкан.

25 Апрель 2025 жыл 15:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча