Кезектеги окуу жылы 1-сентябрда башталып, келерки жылдын 25-майында аяктайт. Бул тууралуу буйрук кабыл алынганын 16-августта Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
“Жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” буйрук түрүнө жана менчигине карабастан өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү уюмдарына тийиштүү экени белгиленди.
Ага ылайык, мектеп каникулдарынын графиги да бекитилди.
Күзгү эс алууда окуучулар 6-13-ноябрда болушат, кышкы каникул 1-14-январь күндөргө туура келет, ал эми жазгы каникул 21-31-мартта болот.
Биринчи класстын окуучулары үчүн жазгы каникул бир жумага узартылат.