Жалал-Абадда изделип жаткан аялдын сөөгү дарыянын жээгинен табылды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында жоголуп жаткан 65 жаштагы аялдын сөөгү бүгүн, 30-майда саат 09:50дө Чаткал дарыясынын жээгинен табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Эске салсак, 28-май күн саат 19:30 чамасында Каныш-Кыя айылынын Маданият көчөсүндө жайгашкан үйүнөн 1960-жылы туулган Д.З. аттуу аял киши чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, куткаруучулар эки күндөн бери издөөгө алышкан.

Бүгүнкү издөө иштерине Чаткал райондук №81 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылып, натыйжада аялдын сөөгүн Чаткал дарыянын жээгинен таап, туугандарына өткөрүп беришти.

30 Май 2025 жыл 12:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча