Жамгыр жаайт. Бир жумага карата аба ырайы

Кыргызгидромет 7-июлдан 13-июлга чейин өлкө ичинде аба ырайы кандай болору тууралуу божомолду таратты.

Ага ылайык, бул аптада узаган жумадай өтө ысык болбой турганы божомолдонду. Апта ортосунда асманды ала булут каптап, айрым жерлерде жамгыр жаашы ыктымал. Башка күндөрү Нарын менен Ысык-Көлдөн башка аймактарда күн ачык болот.

Бишкекте 10-июлда жаан жаап, 11-июлда өткүн өтүшү ыктымал. Абанын температурасы 32…34 градусту көрсөтөрү божомолдонду.

Чүй, Талас

Аталган аймактарда 10-июлда жамгыр жаайт. Башка күндөрү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт, тоолуу аймактарда өткүн өтүшү мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Апта башында күн кайнап, абанын температурасы 38 градуска чейин ысый турганы айтылды. Түштүк аймактарда да 10-июлда жаан жаашы ыктымал.

Нарын, Ысык-Көл

Ысык-Көл облусунда 11-июлга чейин аба ырайы жаанчыл болору айтылды. Нарында да бул аптада күн күркүрөп, асманды ала булут каптап, жамгыр жаайт.

7 Июль 2025 жыл 9:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча