Жер мунапысы боюнча арыздарды кабыл алуу программа башталгандан аяктаганга чейин республика боюнча жалпы 170 766 жарандан арыз түшкөн. Анын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 76 643 чечим кабыл алынган. БУл тууралуу Жер агенттигинен билдиришти.
Учурда Жер агенттиги тарабынан:
жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу 64 942 — мамлекеттик акты берилген;
43 278 техникалык паспорт берилген.
Амнистияга алынган жалпы жер аянты – 10 338 гектарды түзөт.
Эске салсак, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын
28-майындагы № 284 токтомуна ылайык, жер амнистиясына катышуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу 2025-жылдын 1-июлунда аяктады.