Жер мунапысы боюнча арыздарды кабыл алуу 1-июлда аяктайт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын
28-майындагы № 284 токтомуна ылайык, жер мунапысына катышуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу 2025-жылдын 1-июлунда аяктайт. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Жер мунапысы — жер мунапысынын объектисине мыйзамдуу статус берүү боюнча бир жолку акция, ал өзүнө жер мунапысына туура келген жер мунапысынын объектилерине болгон менчик укуктарын бекитүүнү камтыйт. Ошондуктан жер тилкесине болгон укуктарын мыйзамдаштырууну каалаган жарандар 2025-жылдын 1-июлна чейин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана шаардык мэриялар алдында түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссияларга кайрылуусу керек.

Программа башталгандан бери республика боюнча 2025-жылдын 20-июнуна карата жалпы 170 766 жарандан арыз түшкөн. Анын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 76 643 чечим кабыл алынган.

Учурда Жер агенттиги тарабынан:

жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу 64820мамлекеттик акты берилген;

43278 техникалык паспорт берилген.

Амнистияга алынган жалпы жер аянты – 10338 гектарды түзөт.

23 Июнь 2025 жыл 15:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча