Канаданын футбол боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионаттын 1/16 финалында Түштүк Африка Республикасын 1:0 эсебинде жеңип алды.
Интерфакс агенттиги билдиргендей, беттеш АКШнын Инглвуд шаарында өттү.
Оюндагы жалгыз голду Стефен Эуштакиу киргизди. Бул жеңиш менен Канада курамасы тарыхында биринчи жолу дүйнөлүк чемпионаттын 1/8 финалына жолдомо алды.
Эми канадалыктар чейрек финал үчүн болгон таймашта Нидерланд жана Марокко командаларынын беттешинде жеңишке жеткен тарап менен кез келет.
Белгилей кетсек, 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионат АКШ, Канада жана Мексикада өтүүдө.
Учурдагы дүйнө чемпиону — Аргентина курама командасы.