Көк-Арт аймагында жол кыймылын иретке келтирүү жана унаа тыгындарын азайтуу максатында кеңейтилген жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясынан билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө Ынтымак көпүрөсүнүн аймагындагы негизги транспорттук түйүндөр, анын ичинде Бегалы Аттокуров жана Канатбек Абдурасулов көчөлөрү менен Көк-Арт дарыясынын жээгинде курулуп жаткан жаңы жолду байланыштырган кесилиште айланма жол куруу маселеси каралды.
Адистердин маалыматына ылайык, курулуш жүрүшүндө долбоорго туш келген айрым объекттер демонтаждалат. Бул боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамдуу негиздеги мүлктөр үчүн компенсация каралат.
Ошондой эле айланма жолдун курулушу тиешелүү мамлекеттик жол-транспорт тармагына жооптуу орган тарабынан каржыланары белгиленди.
Жыйындын соңунда жооптуу кызматтарга долбоордук документтерди ыкчам даярдап, курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө баштоо тапшырмасы берилди.