Сак болуңуз! Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.

Батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Мекеме тургундарды этият болууга, унааларды дарактардын жана көрнөк-жарнактардын астына токтотпоого жана шамал күчөгөндө ачык жерлерде болбоого чакырат.

28 Май 2026 жыл 16:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча