Азия чемпионаты: Эми балбан Мээрим Жуманазарова алтын үчүн күрөшөт

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында финалга жолдомо алды.

Ал 68 кг салмак категориясында күч сынашып, чейрек финалда Вьетнамдын өкүлүн 10:0 эсебинде ишенимдүү жеңип, жарым финалга өткөн.

Жуманазарова жарым финалда кытайлык балбанды утуп, финалга чыкты. Эми балбан алтын медаль үчүн күрөшөт.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-апрелде чемпионаттын үчүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтүүдө.

Анда 50, 55, 59, 68 жана 76 кг чейинки салмактарда медалдар ойнотулууда.

8 Апрель 2026 жыл 18:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча