Азия оюндары-2026: Кубанычбек Айбек уулу жарым финалда

Бүгүн, 29-сентябрда, кураш боюнча Кыргызстандын спортсмени Кубанычбек Айбек уулу Азия оюндарынын алкагында 66 килограмга чейинки салмак категориясында беттешке катышып, жарым финалга чыгып, Кыргызстандын капчыгына медаль камсыздады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Алгачкы беттешинде кыргызстандык спортсмен Ооганстандын өкүлү Чекмар Меражуддинди 3:0 эсебинде жеңди.

Чейрек финалда Кубанычбек Айбек уулу Түштүк Кореянын өкүлү Юн Хуенсуну 10:0 эсебинде утуп, мелдештин жарым финалына жолдомо алды.

Жарым финалдык беттештер Кыргызстан убактысы боюнча 11:00до башталат.

29 Сентябрь 2026 жыл 10:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча