Баткенде чек ара окуяларынын курмандыктары эскерилди

Баткенде чек ара окуяларынын курмандыктары эскерилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эскерүү иш-чарасы бул ирет Ак-Татыр айылындагы курман болгондордун элесине арналып тургузулган эстелик мемориалында өттү.

Ага президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов, район акими Данияр Иманалиев жана чек ара окуяларында курман болгондордун жакындары катышты.

Алгач эстеликке гүл чамбар коюлуп, алардын арбагына багышталып куран окулду.

Ушундай эле иш-чара Лейлек районунун Раззаков шаарында дагы өтүп, район акими Асылбек Жеңишбек баштаган жергиликтүү жетекчилер, чек ара шейиттеринин жакындары катышты.

16 Сентябрь 2025 жыл 14:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча