
Бишкекте 12 жашар кызды сүзүп, жеринен качып кеткен айдоочу кармалды.
Окуя 16-февралда түштө болгон. Жол милициясынын айтымында, 17 жаштагы айдоочу кызды Салиев — Кантемиров көчөлөрүнүн кесилишинде “Нива” унаасы менен коюп кеткен.
Жабырлануучу бир нече жаракат алып, ооруканага түшкөн.