Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 14-марттагы жыйынында “саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деп сындады. Ал Кыргызстанда акыркы күндөрү ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болгондор көбөйүп жатканын билдирип, министрдин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрдү. Ушундай эле көйгөйдү башка да депутаттар айтты.
“Саламаттык сактоо министринин “кара хирург” деген каймана аты бар экен. Бул убагында Рысбек Акматбаевди, ок тийген же бычак жеген уюшкан кылмыштуу топтун балдарын үйүнө жашыруун алып барып операция кылып жүргөн. Азыр уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүп жатпайбызбы, мен УКМКнын башчысы менен Башкы прокурорго да кулак кагыш кылып коёюн. Мунун уюшкан кылмыштуу топторго түздөн-түз байланышы бар. Канчалаган балдарды бекитип операция кылып жүргөн киши Кыргызстандын саламаттык сактоо министри болуп турат. Бул уят”, — деди ал.