Кыргызстан Кытайга 1 млн тонна айыл чарба продукциясын экспорттоо үчүн квота сурады

Кыргызстан Кытайга 1 млн тонна айыл чарба продукциясын экспорттоого квота бөлүп берүү өтүнүчү менен расмий кат жөнөттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кытай айыл чарба продукцияларынын импортун тарифтик квоталарды (TRQ) колдонуу менен жөнгө салат, анда товарлардын белгилүү бир көлөмүн алып келүү үчүн жеңилдетилген шарттар белгиленген.

Бул квоталардын чегинде импортко бажы салыгы болжол менен 1% төмөндөтүлөт, бул Кытай рыногунда продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн кыйла жакшыртат. Бирок, квотадан ашкан учурда алымдар көбүрөөк колдонулат, бул импортерлор үчүн продукциянын өздүк наркын олуттуу жогорулатат.

2025-жылга КЭРдин Коммерция министрлиги тарабынан айыл чарба продукциясынын сегиз категориясы үчүн төмөнкү тарифтик квоталар белгиленген:

буудай — 9,64 млн тонна;
жүгөрү — 7,2 млн тонна;
күрүч — 5,32 млн тонна;
пахта — 894 миң тонна;
шекер — 1,945 миллион тонна;
жүн — 287 миң тонна;
жүн буласы (ВК) — 80 миң тонна;
жер семирткичтер — 13,65 млн тонна.
Суралган квотанын алкагында Кыргызстан экспортко жүгөрү, буудай унун, тоют өсүмдүктөрүн, пахта, жүндү сунуштоого даяр. Бул кадам Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого, республиканын экспорттук потенциалын жогорулатууга, ошондой эле кыргыз фермерлери жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Маалымат үчүн: КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы айыл чарба продукциясы боюнча товар жүгүртүү 2024-жылы 153,3 млн долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 33 млн долларга көбөйгөн.

15 Май 2025 жыл 16:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча